Казакстандан өлкөгө мыйзамсыз күйүүчү май ташып келүү менен “П.П.К” ишканасы мамлекеттик бюджетке 6 миллион 543 миң сом зыян алып келген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиргендей, аталган акча каражаттары толугу менен бирдиктүү депозиттик эсепке которулган.
Буга чейин өлкө аймагына милдеттүү салык төлөмдөрүсүз “Кара-Арча” жана “Кант” темир жол станциясынан 5 цистерна күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалган.
Азыркы учурда УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан тергөө иштери улантылып жатат.