Site icon Reporter.kg

Мыйзамсыз күйүүчү май ташыган ишкана мамлекетке 6,5 миллион сом төктү

Казакстандан өлкөгө мыйзамсыз күйүүчү май ташып келүү менен “П.П.К”  ишканасы мамлекеттик бюджетке 6 миллион 543  миң сом зыян алып келген. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан билдиргендей, аталган акча каражаттары толугу менен бирдиктүү депозиттик эсепке которулган.

Буга чейин өлкө аймагына милдеттүү салык төлөмдөрүсүз “Кара-Арча”  жана “Кант” темир жол станциясынан 5 цистерна күйүүчү жана майлоочу материалдар кармалган.

Азыркы учурда УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгы тарабынан тергөө иштери улантылып жатат.

Exit mobile version