Site icon Reporter.kg

Мыйзамсыз миграция: Чек арадан экөө кармалды

Таластан “Казакстанга ишке орноштурам” деп жасалма документтер менен кыргыз жарандарын коңшу өлкөгө кетирип жаткан жеринен эки киши колго түштү. Бул туурасында Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 39 жаштагы Э.А. жана 37 жаштагы Э.Ж. кыргыз-казак чек арасынан кармалган.

Чек ара кызматы менен Ички иштер министрлиги биргеликте кылмыштын бетин ачышкан. Учурда бул иш тергөөдө.

Exit mobile version