Site icon Reporter.kg

Мыйзамсыз миграция: Катар, Кувейт, Дубайга кетирип турушкан

Мыйзамсыз миграция менен алектенип жүргөн бир компания табылды. Бул туурасында Бишкек милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мыйзамсыз иш аракет менен алектенип жүргөн 28 жаштагы С.М кармалган. Ал Кувейт, Катар жана Бириккен араб эмирлигине кыргыз жарандарын жумушка орноштуруп жүргөн. Ал 2019-жылдан бери Кыргызстандын мыйзамдарын толугу менен бузуп иш алып барган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, тергөө иштери башталды.

Exit mobile version