Site icon Reporter.kg

Мыйзамсыз миграцияга көмөктөшкөн деген шек менен УКМКнын мурдагы кызматкери кармалды

Алдамчылыкка жана мыйзамсыз миграцияга көмөктөшүүгө шектлеип Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде Түштүк Азия өлкөлөрүнүн биринен келген 20 чет элдик жарандын жашап жана иштеп жүргөндүгү белгилүү болгон. Алар Кыргызстанда тиешелүү уруксаат кагаздары жок иштеп жүрүшкөнү аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө цехтин ижарачысы өзүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырган жаранга эмгек мигранттарын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүүгө жана компетенттүү органдар тарабынан мүмкүн болгон текшерүүлөрдөн «жаап-жашыруу үчүн», олуттуу суммадагы акча каражатын бергендиги аныкталган.

Атайын кызматтын маалыматында, жогорудагы жаран мурда УКМКдан иштен бошотулган жана азыр анын аталган кызматка эч кандай тиешеси жок.

«Ошого карабастан, ал жабырлануучу тарап менен байланышты улантып, берген убадаларын аткарууну кечеңдетип, түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүнө ынандырып жүргөн. Кийинчерээк, аталган жалган кызматкер убадаларын толук аткарбай, баардашуудан баш тарткан»,- деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пункту (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

2-июлда шектүү Бишкек шаарынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version