Site icon Reporter.kg

Мыйзамсыз ташылып келген 30 миллион сомдук кальян тамекилери кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келинген кальян тамекилери кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган мыйзамсыз товардын салмагы 14 275 килограмм болгон. Анын орточо базар баасы 30 миллион 799 миң сомду түзгөн.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Exit mobile version