Мыйзамсыз жер берүүгө шектелип Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды

Мыйзамсыз жер берүүгө шектелип Бишкек мэриясынын кызматкери кармалды

Калыс-Ордо конушунан 7 гектар жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз бөлүп берген Бишкек шаардык мэриясынын бөлүм башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, А.Н. аттуу бөлүм башчысы жерди бөлүп бергени үчүн “А” коомдук 2 миллион сом талап кылган. Ал жерди бир категориядан башка категорияга которуу үчүн расмий документтерди жана шаардык мэриянын жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин колун жасалма коюп алган.

Азыркы тапта кармалган бөлүм башчы жана С.А. аттуу жаран УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>