Мыкты иликтөөчүлөр. Улан Эгизбаев атындагы сыйлыктын лауреаттары аныкталды

Мыкты иликтөөчүлөр. Улан Эгизбаев атындагы сыйлыктын лауреаттары аныкталды

Бүгүн Бишкекте Журналисттик иликтөө фонду уюштурган Уланбек Эгизбаевдин жыл сайын берилүүчү сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Байкоочу кеңештин чечими менен сынактын баш байгесин Адил Турдукулов, Булат Сатаркулов, Александр Тропейконун биргелешкен «Коррупция мезгилинин парктары» аттуу иликтөөсү жеңип алды. Экинчи орунду — Kloop.kg’нин «Коррупциянын шакекчесин» иликтөөсү үчүн берилди. Калыстар тобу үчүнчү орунду “Бажы империясы” макаласы үчүн Factcheck.kgнин башкы редактору Болот Темиров менен журналист Али Токтакуновго ыйгарды.

T-Media жана «ПолитКлиника» редакцияларына атайын сыйлыктар берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда иликтөөчү журналисттердин санын көбөйтүү үчүн түзүлгөн «Журналисттик иликтөө» фонду 2018-жылдын 14-сентябрында ишин баштаган. Сыйлыктар жыл сайын 12-февралда  Уланбек Эгизбаевдин туулган күнүндө өткөрүлөт. Өзүнүн курч иликтөөлөрү менен белгилүү болгон «Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдө эс алып жүргөн учурунда сууга чөгүп каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>