Site icon Reporter.kg

Мыктыбек Абдылдаев Элдик курултайдын жетекчиси болуп дайындалды

Мыктыбек Абдылдаев Элдик Курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин Элдик курултайдын катчылыгын Кадыр Кошалиев башкарган. Ал мурдагы президент Курманбек Бакиевден маек алгандан кийин коомдук сын-пикирден улам кызматын тапшырган.

Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин эки чакырылышынын депутаты. Ал 2020-жылы 6-октябрда парламенттин төрагасы болуп шайланып, 10-октябрда кайра баш тарткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version