Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

6-октябрдагы “Достук” мейманканасында спикер болгону айтылган Мыктыбек Абдылдаев өз каалосу менен отставкага кетти.

Бул тууралуу Мыктыбек Абдылдаев  өзү “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында айтты.

Белгилей кетсек,  6-октябрь күнү “Достук” мейманканасында Жогорку Кеңештин бир нече депутаты чукул жыйынга чогулган. Жыйындын жүрүшүндө парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаев шайланган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>