Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

«Достук» мейманканасында өтүп жаткан парламенттин кезексиз жыйынында Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

Кезексиз жыйынга катышкан 62 депутаттын баары анын талапкерлигин жактырышкан. Ошоной эле айрым депутаттар ишеним  каттын негизинде шайлашкан.

Буга чейин Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын төрагасы Дастан Жумабеков кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Жогорку Кеңештин регламенти боюнча төраганы шайлоо үчүн 120 депутаттын үчтөн экисинин макулдугу керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>