Site icon Reporter.kg

Мыктыбек Оролбай уулу UFC’деги алгачкы беттешинде жеңишке жетти

Кыргызстандык мушкер Мыктыбек Оролбай уулу (77 кг) UFC мелдешинин алкагындагы алгачкы беттешинде жеңишке жетти.

АКШнын Лас-Вегас шаарында 19-ноябрда өткөн беттеште Мыктыбек Оролбай уулу сербиялык Урош Медич менен кез келди. Беттештин экинчи бөлүгүндө ал атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version