2023-2024-жылдары Кыргызстан боюнча 205 мектеп курулуп, жылдын аягына чейин дагы 111 мектеп бүтөт. Дем алыш күндөрү министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзгөн жана Кара-Суу районунда эки мектепти ачты.
Мектептин ачылышында ал өлкөнүн казынасындагы ар бир тыйын элге жумшаларын айтып өттү.
“Президент элди ынтымакка, кечиримдүүлүккө чакырууда. Ушундай президентти канча күттүк, эми колдоп-коргоп алууга аракет кылалы. Мамлекетке кирген ар бир тыйын кайра эле элге жумшалат: Пенсия, пособие, айлыктарды жыл сайын көтөрсөк деген ойлорубуз бар ”-деди Акылбек Жапаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз