Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын коноктору эми кыргыз тасмаларын ачык асман алдында акысыз көрө алышат. Бул тууралуу Т.Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы маалымдады.
Жайкы сезон аяктаганга чейин ар ишемби жана жекшемби күндөрү, саат 18:00дө, парктын амфитеатрында кыргыз фильмдери көрсөтүлөт. Кино көрсөтүү “Кыргызфильм” киностудиясы, “Ала-Арча” паркынын администрациясы жана “Айчүрөк” кинотеатры менен биргеликте ишке ашууда.
“Кино сүйүүчүлөргө тоолуу шартка байланыштуу жылуу кийинип келүү сунушталат. Толук маалымат алуу үчүн @alaarchapark Instagram баракчасына катталууга чакырабыз”,-деп айтылат маалыматта.