Site icon Reporter.kg

Мындан ары бюджеттен бала бакчадагы балдардын тамагы үчүн акча бөлүнбөйт

Кыргызстанда бала бакчадагы балдардын тамактануусун уюштуруу толук түрдө ата-энелердин мойнуна жүктөлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин мамлекеттик бала бакчаларда балдардын тамагы үчүн акчанын жарымын ата-энелер, жарымын жергиликтүү бийлик органдары төлөп келген. Быйыл август айында кабыл алынган «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, ата-энелер бала бакчага барган балдарынын тамактануусу үчүн өздөрү гана төлөй баштайт.

Учурда аталган маселе өкмөттүн кароосуна киргизилип, ата-энелер балдардын тамактануусуна айына канча акча төлөй турганы эсептелип, такталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version