Site icon Reporter.kg

Мындан ары УКМК кызматкерлери Кыргызстанда даярдала баштайт

Мындан ары атайын кызматтын адистери Кыргызстанда даярдала баштайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров генерал-лейтенант А. Бакаев атындагы УКМК академиясын ачып жатып билдирди.

Жапаров буга чейин улуттук коопсуздук органдарына керектүү адистер Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын адистештирилген аскердик окуу жайларында окуп келгенин айтып, эми атайын кызматтын адистери Кыргызстанда даярдалып чыгарыларын белгиледи.

Бул академия УКМКга, Коргоо министрлигине керектүү адистерди даярдайт.

Exit mobile version