Site icon Reporter.kg

Наманганда окуучу кызды жеңеси каналга чөктүрүп өлтүрдү

Өзбекстанда сууга чөккөн кыздын өлүмүнө жеңеси айыпталууда. Бул тууралуу облустук прокуратурага таянып, өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.  

Маалыматка ылайык, дайынсыз жоголгон кыздын атасы Чартак райондук прокуратурасына 5-апрелде кайрылган. Ал кызы эртең менен мектепке кетип, ошол бойдон кайрылып келбегенин айткан. 6-апрелде издөө иштеринин жыйынтыгында «Катта Наманган» каналындагы көпүрөнүн жанынан окуучу кыздын сөөгү табылган. Кийинчерээк кызды жеңеси мектептен алып, каналга түртүп жибергени аныкталган. учурда шектүү кармалып, ага карата «Атайлап киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Exit mobile version