Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келди

Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келди

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келди. Бул тууралуу мэриядан карабалашты.

Шаар башкармалыгынан кабарлагандай, Түлеев мыйзам менен бекитилген мэрдин милдетин аткаруучу адам.

“Аны мурдагы мэр Азиз Суракматов  отставкага кетерде биринчи вице-мэр кызматка дайындап кеткен. Мыйзамга ылайык, шаар мэри мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган учурунда, мэрдин милдеттери биринчи вице-мэрге жүктөлөт. Бардык жасалып жаткан иштер мыйзам чегинде болушу керек”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Бишкек шаардык кеңешиндеги КСДП, «Өнүгүү — Прогресс» жана «Республика — Ата-Журт» фракциялары өзүн-өзү мэр деп атап алгандарды тааныбай тургандыгы жазылган маалыматта.

21-октябрда Нариман Тулеевди биринчи-вице мэр болуп дайындалышына каршы болгондор жана Тулеевди колдогондор митингге чыккан.

22-октябрда шаар башкармалыгынын маалымат кызматы Нариман Тулеевдин кызматтан кетүү тууралуу  чечим кабыл алганы боюнча маалымат тараткан. Мындан соң мэрдин милдетин аткаруу вице-мэр Алмаз Бакетаевге жүктөлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>