Нарын-Өрүк-Там унаа жолу жазга чейин жабылды

Нарын-Өрүк-Там унаа жолу жазга чейин жабылды

Нарын-Өрүк-Там унаа жолу жазга чейин жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык,  1-декабрдан тартып жаз мезгили келгенге чейин Нарын-Өрүк-Там унаа жолу жабылган. Ал Нарын районунун акиминин буйругунун негизинде ишке ашкан.

Ага ылайык, аталган унаа жолдо жүрүүгө унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген. 

Бул аталган жолдо боло турган кырсыктарды алдын алуу, адамдардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында ишке ашырылган. 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>