Нарын аймагында жер титирөө катталды

Нарын аймагында жер титирөө катталды

Кечээ, 21-январь күнү саат 19:10до Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө Нарын районунун Тегерек, Ылайлы-Суу, Ак-Кудук айылдарында-4 балл, Ак-Талаа районунун Кадыралы, Шоро айылдарында жана Нарын районунун Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, 8-Март, Сары-Иймек, Лесхоз айылдарында-3,5 балл, Ак-Талаа районунун Ак-Булак айылында жана Нарын районунун Кара-Ой, Учкун, Достук, Мин-Булак айылдарында-3 балл жана Нарын шаарында — 2,5 баллга чейин сезилген.

Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>