Нарындагы ашууда жүк ташуучу унаасы менен жолдо калган Беларустун жараны дайынсыз болуп, изделдүүдө Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-сентябрда ӨКМге Кочкор районунда Бишкек – Нарын — Торугарт жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) MAN жүк ташуучу унаасы ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Саат 23:15те жерине 3 куткаруучу барган. Бирок куткаруучулар барган учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан. Учурда куткаруучулар аталган жаранды издөө ишин жүргүзүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз