Site icon Reporter.kg

Нарын дарыясына 71 жаштагы карыя агып кетти

Нарын дарыясына 71 жаштагы карыя агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,  9-октябрь күнү Таш-Көмүр шаарында 71 жаштагы карыя Нарын дарыясына түшүп кеткен. Ал адамды издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, бирок азырынча майнап чыга элек. Бүгүн, 13-октябрда да издөө иштери улантылат. 

 

Exit mobile version