Нарын дарыясына түшүп кеткен эркек кишини издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Учурда аты-жөнү такталууда. Ал кечээ, 15-апрелде чөгүп кеткен. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылган.
Кошумча маалымат берилет.