Site icon Reporter.kg

Нарын дарыясына түшүп кеткен 8 жашар баланын сөөгү табылды

7-мартта Нарын районунун Орто-Нура айылында Нарын дарыясына 8 жашар  Т.Т. аттуу баланын сөөгү табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрилиген билдирди.

Маалыматка караганда, 21-апрель күнү саат  19:50 чамасында Эмгек-Талаа айылынан өткөн Нарын дарыясынын жээгинде адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жаш баланын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришен.

Жогору аталган жаш бала  7-март күнү Орто-Нура айылынан өткөн Нарын дарыясына түшүп кетип дайынсыз болуп, куткаруучулар тарабынан 5-апрель күнүнө чейин изделген. Жогору аталган баланын өздүгү туугандары тарабынан тастыкталган.

Exit mobile version