Site icon Reporter.kg

Нарын дарыясынын жээгинен белгисиз адамдын сөөгү табылды

13-октябрь күнү Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айыл аймагынын Туюк-Булак участкасында Нарын дарыясынын жээгинде белгисиз адамдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат саат 18:50дө билдирилген.

Өзгөчө кырдаалдар минстрлигинин маалыматына ылайык, өрт-куткаруучулар саат 20:40да жерине жетип, караңгы кирип кеткендигинде байланыштуу жансыз денени издөө бүгүн, 14-октябрда улантылды. Куткаруучулар жерине саат 9:20да келип сөөктү Нарын дарыясынын жээгинин Жылан-Арык айыл аймагынын тушунан таап, Ак-Талаа РИИБнө өткөрүп беришти.

Exit mobile version