Site icon Reporter.kg

Нарын: Декларациядан качкан муниципалдык кызматкерлерге айып тагылды

Нарын областында бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган 310 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге айып салынды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганла, сот органдары тарабынан тийиштүү чечимдер кабыл алынып, 310 мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдары административдик жоопкерчиликке тартылуу менен аларга 930 000 сом айып пул салынган.

Exit mobile version