Site icon Reporter.kg

Нарын облустук милициянын эки кызматкери Азия чемпиону болду

Нарын облустук милициясынын эки кызматкери универсалдуу мушташ боюнча Азия чемпионатында жеңүүчү болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Мелдеш 11-17-август күндөрү Чолпон-Ата шаарында өткөн.

«Чемпионатта милиция кызматкерлери бир катар өлкөдөн келген мушкерлер менен күч сынашкан. Милиция кызматкерлери жумушта гана эмес, спорт жаатында дагы ийгиликтерге жетишти», — деп билдирет облустук милиция.

65 кг салмакта Атайын операциялар отрядынын кенже ыкчам өкүл жоокери Тенти уулу Сыймык жана 80 кг салмакта Нарын райондук милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү Нурбек Айдаров 1-орунду орунду ээлеген.

70 кг салмакта атайын операциялар отрядынын ыкчам өкүл жоокери Аскер Үсөнбаев жана 75 кг салмакта Нарын облустук милициянын КККнын өзүнчө ротасынын милиционери Мирбек Айдаров 3-орунга татыган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version