Нарын облусунда өткөн жылы өрт кырсыгынан болгон чыгым 8 млн сомдон ашты

Нарын облусунда өткөн жылы өрт кырсыгынан болгон чыгым 8 млн сомдон ашты

Нарын облусунда өрт кырсыгы  2019-жылы  2018-жылга  салыштырмалуу 20,5 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдалды.

2019-жылдын 12 ай ичинде Нарын облусунун аймагында 120 өрт кырсыгы катталып 2018-жылга салыштырмалуу өрттөр 20,5% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 8 миллион 189 миң сомдон ашык түздү. Өрттөн 6 адам жабыркап, 66 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Өрттөрдүн негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -10,8%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан — 8,8%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -9,2%, балдардын от менен ойноосунан -7,5%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан -13,3% турак жай секторунда болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (16) жана 1 млн. 522 мин 238 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>