Нарын облусунда 11 айда 6 адам өрт кырсыгынан жабыркаган

Нарын облусунда 11 айда 6 адам өрт кырсыгынан жабыркаган

Нарын облусунда өрт кырсыгы  өткөн жылга салыштырмалуу 26,4 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

2019-жылдын 11 ай ичинде Нарын облусу боюнча 103 өрт кырсыгы катталып,  өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 26,4% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 6 миллион  сомдон ашык түздү, өрттөн 6 адам жабыркаган.

Өрттөн 57 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.

Тилсиз жоонун келип чыгуунун негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -10,7%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -4,9%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -7,8%, балдардын от менен ойноосунан -6,8%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан -22,4% турак жай секторунда болгон.

Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (15) жана 1 млн. 517 мин 139 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>