Нарын облусунда өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 26,4 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
2019-жылдын 11 ай ичинде Нарын облусу боюнча 103 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу өрттөр 26,4% азайган. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 6 миллион сомдон ашык түздү, өрттөн 6 адам жабыркаган.
Өрттөн 57 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктар сакталып калган.
Тилсиз жоонун келип чыгуунун негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу -10,7%, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан -4,9%, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда -7,8%, балдардын от менен ойноосунан -6,8%, өрт кырсыгы болду. Өрттүн жалпы санынан -22,4% турак жай секторунда болгон.
Өрттөрдүн көпчүлүгү турак жай секторунда болуп (15) жана 1 млн. 517 мин 139 сомдук материалдык чыгымды түзгөн.