Site icon Reporter.kg

Нарын облусунда 9 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды

Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда онлайн жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымдады.

Бүгүн стационарлардан 3 медкызматкер сакайып, бейтапканадан чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 266 учур катталды, алардын ичинен 221 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Exit mobile version