Site icon Reporter.kg

Нарын облусунун жаңы жетекчиси Эмилбек Алымкуловдун өмүр баяны

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган Эмилбек Алымкуловдун өмүр баяны.

Алымкулов Эмилбек Абдыраимович 1966-жылдын 15-апрелинде Нарын районунун Оттук айылында төрөлгөн.

Билими:

1988-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун артыкчылык диплом менен аяктаган.

Эмгек жолу:

1988-жылы Тянь-Шань районуна караштуу Коммунизм колхозунда зоотехник-селекционер болуп иштеген;

1989-жылы Коммунизм колхозунда башкы зоотехник болуп эмгектенген;  

1993-1994-жылдары «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл тукум заводунда башкы зоотехник;

1995-1997-жылдары «ТАСИЗ-3» Эл аралык долбоорунун Нарын облусу боюнча консультант;

1997-1998-жылдары «Хельветас» Швейцариялык долбоорунун Нарын облусу боюнча башкы консультант;

1998-2003-жылдары «Тянь-Шань» мамлекеттик асыл-тукум заводунда директор;

2000-2005-жылдары Нарын райондук Кеӊешинин депутаты болгон

2003-2007-жылдары «Улар» дыйкан чарбасынын башчысы;

2007-2009-жылдары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

 2009-2010-жылдары Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким;

2010-2012-жылдары Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын-губернатордун биринчи орун басары;

2012-2014-жылдары КРнын Ѳкмɵтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ɵкүлүнүн биринчи орун басары;

2014-2016-жылдары «Жогорку Нарын ГЭС» ЖАКнын башкармалыгынын мүчɵсү, аппарат жетекчиси;

2017-жылдын февраль айынан 2019-жылдын сентябрь айына чейин  Нарын шаарынын мэри болуп иштеп келген.

Үй-бүлɵлүү, тɵрт баланын атасы.

Exit mobile version