Site icon Reporter.kg

Нарын ОИИБ: Солтон-Сарыдагы жарылуу жол курууга байланыштуу болушу мүмкүн

Нарын облусунун Солтон-Сары жайлоосундагы жардыруу жол куруу иштерине байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай божомолду облустук милициядан билдиришти.

“Аталган  аймакта таштар атайлап түшүрүлүп,  кытайлык компания жол  курууда. Жардыруу ошого байланыштуу болушу мүмкүн, андан эч ким жабыркаган эмес. Учурда атайын комиссия жарылуунун себебин иликтөө үчүн окуя болгон жайга кеткен”, — деп билдирген облустук милициядан.

Белгилей кетсек, Солтон-Сары жайлоосунда “кытайылк компания жүргүзгөн жардыруудан кийин  майда мал жандыктар өлүп жатат” деп, малчылар билдиришкен. Алар кенчилердин ишине нааразы болуп президентке да кат жолдошкон.

Exit mobile version