Нарын шаарында 25-октябрда үч эм төрөлдү.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Нарын шаарынын тургуну Алтынай Майрамбекова үч эм кызды жарыкка алып келди.
Учурда эне менен кыздардын абалы туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө.
Ымыркайлардын салмактары — 2 кг 320 гр, 2 кг 472 гр жана 1 кг 620 гр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз