Site icon Reporter.kg

Нарын шаарынын вице-мэринен коронавирус аныкталды

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп алган. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдиргенин «turmush.kg» жазып чыкты.

Маалым болгондой, 18-майда кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Д.К. COVID-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталып, изоляцияга дарыланууга жаткырылган. Буга байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилер жана кызматкерлер аралыктан иштеп жатат.

Биринчи вице-мэр менен байланыш болгондордун баары аныкталып, алардан коронавируска карата анализдер алынган.

Exit mobile version