Ысык-Көл менен Нарын облустарына 2030-жылга чейин газ барбайт. Бул тууралуу 18-мартта Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында айтылды.
Жыйында депутат Айжигит Тыналиев план боюнча Ысык-Көл облусунда кайсы жылдан баштап газдаштыруу иши башталарын сурады.
Суроого «Газпром Кыргызстан» ишканасынын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров жооп берип, 2030-жылга чейин Ысык-Көл менен Нарын облустарына газ алып барууга мүмкүнчүлүк жок экендигин айтты. Ал билдиргендей, аталган облустарды жакынкы арада газдаштырууга каржы маселеси жана бул эки дубандын тоолуу аймакта жайгашканы тоскоолдук болууда.
«Бул жерде жалаң эле каржылоо маселеси бар эмес. Нарын менен Ысык-Көл облустарында өзгөчө техникалык чектөөлөр киргизилген. Анткени ал жерде калктын саны көп эмес. Ошондой эле тоолорду аралап өтүү техникалык жактан татаал болгондуктан, ал жерлерге автономдуу газдаштыруу технологиясы каралган. Бул технология дүйнө жүзүндө иштеп келет. Бирок экономикалык жагын эсептесек, бул технология менен ал жерде газдын баасы өлкө боюнча салыштырганда 2,5, 3 эсе кымбат болуп кетет. Ошондуктан келе жаткан 5-6 жылдын ичинде Бишкек шаарын, Чүй облусун бүтүрүү каралган. Ага чейин бул технологиянын баасы төмөндөйт», — деди Алдаяров