Нарын жана Талас шаардык кеңештерине кайсы партиялар өткөнү аныкталды

Нарын жана Талас шаардык кеңештерине кайсы партиялар өткөнү аныкталды

Нарын шаардык кеңешине 7, Талас шаардык кеңешине 5 партия өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.

БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоонун болжолдуу жыйынтыгын чыгарды.

Нарын шаардык кеңешине өткөн партиялардын тизмеси:

— «Улуу Кыргызстан» — 13,68%;
— «Өнүгүү-Прогресс» — 12,38%;
— «Ыйман-нуру» — 10,95%;
— «Республика» — 9,36%;
— «Ордо» — 14,29%;
— «Бийлик элге» — 14,78%;
— «Патриот ынтымагы» — 13,25%.

Талас шаардык кеңешине өткөн партиялардын тизмеси:

— «Республика» — 10,27%;
— «Аманат» — 19,10%;
— «Кыргызстан» — 8,53%;
— «Ыйман-нуру» — 11,20%;
— «Асыл Мурас-Жаштар» — 19,05%.

 

Белгилей кетсек, буга чейин Ош жана Бишкек шаардык кеңештерине өткөн партиялар жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>