Нарында 2 күн катар жер титиреди

Нарында 2 күн катар жер титиреди

Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрь күнү саат 23:40тар чамасында Нарын облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Ал Кочкор районунун Туз айылында 4 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кум-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Кочкор, Кара-Суу айылдарында 3 балл, Мантыш, Семиз-Бел, Дөң-Алыш айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Ошондой эле 30-ноябрь күнү саат 02:18дер чамасында да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кочкор районунун Туз айылында 3 балл, Чолпон, Көк-Жар, Кочкор айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>