Нарында 30 жаштагы жаранды бычактаганга шектүү кармалды

Нарында 30 жаштагы жаранды бычактаганга шектүү кармалды

Нарын шаарында бычактан алган жарааттан улам 30 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-мартта саат 21:40 чамасында Нарын шаарындагы дүкөндөрдүн биринин маңдайынан жергиликтүү тургундар 1991-жылы туулган Р.Д. менен 1973-жылы туулган И.К. арак ичип отурган кезде 1987-жылы туулган М.А. келип, ортодо пикир келишпестик жаралган. Ошол маалда М.А. маркум Р.Д.нын сол жак далысына учтуу темир менен сайып жиберген.

Р.Д. жыгылып калган учурда М.А. качып кеткен. Ал эми жанындагы И.К. тез жардам кызматына чалып, Р.Д. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал жактан жабырлануучу эсине келбей, алган жаракатынан улам каза болгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын шаарынын 1987-жылы туулган тургуну М.А. кармалып, күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, мурда кылмыш жообуна тартылганы аныкталган.

Бул факты боюнча Нарын ШИИБ тарабынан сотко чейинки өндүрүш иши башталып, бүгүнкү күндө тергөө амалдарды жүргүзүлүп жатканы кабарланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>