Site icon Reporter.kg

Нарында апасы менен эс алуу учурунда жоголгон 4 жашар кыз изделүүдө

Нарында 12-майдан бери дайынсыз болуп жаткан 4 жашар кызды издөө уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Бүгүн аны издөөгө 135 адам чыкты.

2019-жылы туулган кыз Нарын дарыясынын жээгинен жоголгон. Ал апасы менен бирге эс алууга келген.

Куткаруучулар кечээтен бери суунун боюн текшериүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version