Site icon Reporter.kg

Нарындын тургуну 4 жигитти атып салды, алар реанимацияда

Нарын облусунда 4 жигит октон жаракат алып, оор абалда ооруканага түштү. Бул тууралуу Reporter.kg басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 8-июлга караган түнү катталган.

“Жергиликтүү тургун жеке пикир келишпестиктен улам тапанча менен 4 айылдашын атып салган. Мындан улам 2001-жылы туулган 4 жигит жаракат алып, облустук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Жабырлануучулардын бири — К.О., аттуу жигитке операция жасалды. Анын ички органдары жабыркаган”, — деп билдиришти жеке булактар.

Учурда милиция окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Кийинчерээк облустук милиция окуя боюнча билдирүү таратып, жаңжал жер талаштан улам келип чыкканын маалымдады.

 

Exit mobile version