Site icon Reporter.kg

Нарында 46 жаштагы жаран уурулукка шектелип кармалды

Нарында кен казуучу компаниянын курулуш шаймандарын уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, 14-майда Солтон-Сарыда кен казган компаниянын курулуш шаймандары уурдалган.

Аталган иш каттоого алынып, ыкчам-тергөө иштери башталган. Натыйжада бул ишке шектүү катары 46 жаштагы У.Ж. аттуу жаран кармалган.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү уурдалган буюмдарды жолдун жээгине катып койгон.

Тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version