Нарын шаарында панорамалык аттракцион салуу пландалууда. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, бийиктиги 45 метр болгон панорамалык аттракционду курууга 47 млн сом жумшоо пландалууда. Ал өзүн 5 жылда актайт деген болжолдонууда. Ал Москва чөлкөмүндөгү оңдоп-түзөөдөн өтө турган сейил бактын аймагында жайгашат.
Аталган демилге облус жетекчиси Алтынбек Эргешов тарабынан көтөрүлүп, «Нарын — реновация» креативдүү долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет.