Нарында 7 күн мурун балык уулаганы кеткен эки адам табыла элек

Нарында 7 күн мурун балык уулаганы кеткен эки адам табыла элек

Жумгал районда балык уулаганы кетип дайынсыз болуп жаткан эки адам бир аптадан бери табыла элек.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жумгал районунун Миң-Куш айылынын 43 жана 42 жаштагы эки тургунун издөөгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар тартылган. Бир жума боюу жүргүзүлгөн издөө иштери эч кандай натыйжа берген эмес. 

Кечээ, 11-июнда да издөө иштери жүргүзүлүп, кийин караңгы кирип кеткенине байланыштуу токтотулган. 

Ошондой эле маалыматта эки тургунду издөө бүгүн да улантылары айтылат.

Жоголгон эки адам 5-июнь күнү Көкөмерен дарыясынан балык кармаш үчүн Өрнөк айылына кетишкен бойдон кайтып келишкен эмес.

Куткаруучулардын маалыматына караганда, алардын унаасы суу жээкте калган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>