Site icon Reporter.kg

Нарында 9 күн мурун сууга аккан адам дагы деле табыла элек

Ак-Талаада сууга аккан жигит 9 күндөн бери табылбай жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа районуна караштуу Жеңиш айылында 27-декабрь күнү 14:00дөр чамасында 27 жаштагы жигит Ала-Буга суусуна түшүп кеткен.

Аны тогуз күндөн бери ӨКМнын куткаруучулары жана ондогон жергиликтүү тургундар издешүүдө. 

Бүгүн, 5-январь күнү да издөө иштери улантылат.

 

Exit mobile version