Site icon Reporter.kg

Нарында аялы менен өзүн өрттөп жиберүүгө аракет кылган жаран кармалды

Нарын облусунда аялын жана өзүн өрттөөгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү саат 12:30да Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун өз үйүндө аялы менен өзүнө бензин чачып өрттөөгө аракет кылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери барган учурда үйдүн терезелери талкаланганы, уктоочу бөлмөдөн бензиндин жыты келип турганы аныкталган.

Алдын ала текшерүүдө, 36 жаштагы А. уулу К. аттуу үйдүн кожоюну мас абалында аялы Т.А.га бычак менен коркутуп, андан кийин аялына жана үйдүн ичине бензин чачып, үй менен кошо өрттөп жиберүүгө аракет кылганы белгилүү болгон. Ал үйдү өрттөө үчүн ширеңке издеп жатканда, туугандары келип, аны токтотуп калышкан. Андан кийин милицияны чакырышкан.

Жабырлануучу аял Т.А. милицияга арыз жазып, күйөөсүнөн дайыма зомбулук көрөрүн билдирген.

Аталган факт боюнча «үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version