Нарында балатынын жанында жаңы жылдык концерт болгон жок

Нарында балатынын жанында жаңы жылдык концерт болгон жок

31-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык фейерверк атылган жок. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-декабрда күндүз өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн куттуктоосу болду. Андан соң Нарын шаарынын, райондун тургундары үчүн Жумамүдүн Шералиев атындагы музыкалык мектепте концерт коюлган.

Ал эми кечинде балатынын жанында концерттик иш-чара болгон жок. Фейерверк атылган жок. Каалоочулар аянтка келишип, балатынын жанынан сүрөткө түшүп кетишти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>