Site icon Reporter.kg

Нарында чуңкурда топурак басып калган кишини чыгаруудагы видео

Нарын шаарында чуңкурдун ичинен топурак басып калган адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-июнда саат 23:05 чамасында Нарын шаарынын Айгыржал көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирин адамды топурак басып калды деген маалымат түшкөн. Куткаруучулар Э.Т. аттуу тургунду алып чыгып, “Тез жардам” кызматына саат 23:30да өткөрүп беришкен.

36 жаштагы шаар тургуну экскаватор казган чуңкурда суу өткөрүүчү түтүкчө орнотуп жатканда үстүнөн топурак басып калган.

Exit mobile version