Нарында кой кезүүгө кетип дайынсыз жоголгон ата-бала табылбагандыктан, издөө иштеринин активдүү фазасы токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Министрлик билдиргендей, бүгүн, 13-ноябрда алардын өкүлдөрү дайынсыз болуп жаткан адамдардын ата-энеси менен жолугуп, издөө иштеринин активдүү фазасы аяктаганын, эми издөө иштери жумасына эки жолу жүргүзүлүп турарын айтышкан.
Эскерте кетсек, Жумгалдын Өрнөк айылынын 49 жаштагы тургуну Болот Карыпбеков менен 9 жаштагы уулу 16-октябрда кой кезүүгө кетип, кийинчерээк байланышка чыкпай калышкан. ӨКМ билдиргендей, ата-баланын дайынсыз болуп жатканы тууралуу аларга 19-октябрда кабарланган. Издөө иштери ошол күнү башталып, ата-бала азыркыга чейин табыла элек.
Алардын атынын өлүгү Көкөмерендин жээгинен табылгандыктан, ата-бала сууга агып кеткен деп болжолдонууда.
ӨКМ жоголган ата-баланы издөө 19-октябрдан бери жүрүп, ага күнүнө 30дан 120га чейин киши (куткаруучулар, ИИМ кызматкерлери, жергиликтүү тургандар) чыкканын, дрондор, издөө иштеринде атайын унаа колдонулганын белгиледи.