Site icon Reporter.kg

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 12-август күнү саат 16:03тө Кыргызстанда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Нарын облусунун Кочкор районунун Эпкин, Ак-Чий, Туз, Кен-Суу айылдарында 3,5 баллга чейин сезилген. Ал эми Жумгал районунун Жумгал, Кызарт айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version